Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала зулумду Өзүнө арам кылганын жана зулумду Өзүнүн макулуктарынын арасында арам кылганын баяндап жатат. Ошондуктан эч ким башкага зулумдук кылбашы керек. Аллах туура жолго салып ага ийгилик берген адамдардан башкасынын баары акыйкат жолунан адашкандар. Ким Аллахтын туура жолго салуусун сураса, анда Аллах аны туура жолго салып ага ийгилик берет. Адамдар Аллахтын алдында кедей. Алар бардык муктаждыктарын орундатууда Аллахка гана муктаж. Ким Аллахтан сураса, анда Аллах анын муктаждыктарын орундатат жана ага жетиштүү болот. Алар күнү-түнү күнөө кылышат. Ал эми Аллах Таала пендеси кечирим сураганда, алардын күнөөлөрүн жаап, кечирип коёт. Адамдар Аллахка зыян да же бир нерсе менен пайда да бере алышпайт. А эгерде алар бир адамдын жүрөгүндөй такыба болушса да алардын такыбалыгы Аллахтын мүлкүн көбөйтө албайт. А эгерде алар бир адамдын жүрөгүндөй болуп бузуку болушса да, анда алардын жамандыгы Анын мүлкүнөн эч нерсе азайта албайт. Анткени алар Аллахтын алдында алсыз жана жакыр. Алар ар кандай абалда, убакта жана жерде Ага муктаж. Аллах муктаж эмес, Аруу Зат. Эгерде алардын алгачкыларынан баштап акыркыларына чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысы бир жерге чогулушуп Аллахтан муктаждыктарын сураса, Аллах алардын ар бирине сураган нерселерин берсе да бул нерселер ийне деңизге салынып алынганда деңиздин суусунан эч нерсе азайбагандай Аллахтын алдындагы нерселерден эч нерсе азайбайт. Аллах Таала Өзүнүн пенделеринин амалдарын эсептеп, сактап коёт да андан кийин аларды Кыямат күнү ээлерине кайтарат. Ошондуктан кимде-ким кылган жакшылыгынын сообун тапса, анда Аллах анын моюн сунуусуна ийгилик бергендиги үчүн Аллахка мактоо-шүгүрлөрдү айтсын. Ал эми кимде-ким андан башка кылган ишинин жазасын тапса, анда өзүнүн жамандык менен зыянга баштаган нафсисин күнөөлөсүн.