Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ширк жана күнөөлөр аркылуу зулумдукту уланта берүүдөн жана адамдардын акысына зулумдук кылуудан тыйып эскерткен. Аллах Таала заалымга убакыт берип, кечиктирип, анын өмүрүн, мал-мүлкүн узартып, аны жазалоого шашылбайт. Эгер ушул мөөнөттө да тиги тообо кылбаса, анда аны азабына алып, такыр бошотпойт жана көп зулум кылганы үчүн аны жазасыз калтырбайт. Андан кийин пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Раббиң шаарларды азабына алганда мына ушундай азаптайт. Алар заалым болчу. Анын азабы чынында оорутуучу, катуу" - деген аятты окуду (Худ: 102-аят).