Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким менин атымдан атайын жалган сүйлөсө - өзүнө тозоктон орун камдай берсин". Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким кайсы бир сөздү же ишти ага таандык кылып атайын жалган айтса, акыретте тозоктон ага орун даярдаларын кабарлаган. Ага жалган айтканынын жазасы ушул.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атайын максат кылып жалган айтуу, тозокко кирүүгө себеп болот.
  • Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атынан жалган айтуу башка адамдарга жалган айтуу сыяктуу эмес. Анткени, мунун дүйнө жана акыретке өтө көп зыяны тиет.
  • Хадистин чындап эле пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тиешелүү экендигинин ишенимдүүлүгүн тактап, тастыктмайынча аны таратуудан эскертүү.