Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандардын арасын бөлүп жара турган жана ортодо душмандыкты пайда кыла турган кээ бир жаман адаттардан тыйып, эскерткен. Мындай адаттардын кээ бири төмөнкүлөр: (Жаман күмөн саноо) бул эч кандай далили жок эле жүрөктө пайда болгон доомат, шек-күмөн, муну сөздөрдүн эң жалганы деп баяндаган. (Тахассус, аңдуу): көзү менен да, кулагы менен да адамдардын айыбын аңдып, изденүү. (Тажассус, баканооздук кылуу): жашыруун иштерди билүү үчүн атайын тыңчылык кылуу, көбүнчө жаман иштерге тыңчылык кылууга айтылат. (Хасад, көралбастык) башкаларга кандайдыр бир жакшылыктын болуусун жаман көрүү, ичи тардык кылуу. (Тадаабур, жүз үйрүп кетүү) биринен бири жүз буруп кетүү, саламдашпай калуу, мусулман бир тууганынан кабар албай коюу. (Табаагуз, жек көрүү) жаман көрүү, жактырбоо, кабагын чытуу, жакшы кабыл кылбоо. Анан акырында мусулмандардын абалын оңдой турган көп жактуу сөздү айтты: (Аллахтын пенделери, бир тууган болуп жашагыла). Бир туугандык - аны менен адамдардын алакасы бекемделе турган, алардын араларында махабат, мээрди пайда кыла турган байланыш.