Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына күнөөлөрдүн эң чоңу жөнүндө кабар берип жатып, бул үчөөнү айтты: 1. Аллахка шерик кошуу деген - ал ибадаттын кандай түрүн болсо да Аллахтан башкага кылуу жана Аллахтан башканы улухияда, рубубияда, Аллахтын ысым-сыпаттарында Аллах менен теңөө болуп саналат. 2. Ата-энени нараазы кылуу - бул ата-энеге сөз менен болсо да, кыймыл аракет менен болсо да зыян жеткирүү жана аларга жакшылык кылууну таштоо. 3. Жалган күбөлүк берүү жана жалгандан күбөлүккө өтүү. Бул акчасын алып, ар-намысына шек келтирип, же башка ушул сыяктуу нерселер менен айыпка жыгып каралоо максатында жалган айтылган сөздөр. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир нече жолу жалгандан күбөлүк берүүдөн кайра-кайра эскертип, анын жамандыгынан жана анын коомго тийгизген терс таасиринен эскертип жатканда Сахабалар Пайгамбарга боорлору ооруп, аны кыйнаган нерсени жек көрүшүп: «Пайгамбар токтосо экен» деп айтышты.