Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) зулумдук кылуудан тыйып, эскерткен. Зулумдук: адамдарга зулум кылуу, өзүнө-өзү зулум кылуу жана Аллах Тааланын акысында зулум кылуу (болуп бөлүнөт). Зулумдук - бул, ар бир акы ээсине акысын бербей койуу. Адамдын кылган зулумдук кыямат күнү анын башына кыйынчылык жана оор абалдар менен коштолуп каран күн түшүрөт. Ошондой эле ач көздүктөн тыйган. Ач көздүк бул суктук жана сараңдык. Мал-мүлккө тиешелүү бирөөлөрдүн акысын бербей коюу, дүнүйөгө өтө берилип суктук кылууда ач көздүккө кирет. Зулумдуктун ушул түрү бизден мурда жашап өткөн кээ бир коомдорду кыйратып жок кылган, аларды бири-бирин өлтүрүүгө түрткөн, Аллах арам кылган нерселерди адалдаштырууга алып барган.