Самура бин Жундаб жана Мугира бин Шууба (аларга Аллах ыраазы болсун) экөө айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким бир хадистин жалган экенин билип туруп аны мени айткан деп таратса, ал жалганчылардын бири болот". Сахих (ишенимдүү) - رواه مسلم في مقدمته
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Ким кайсы бир хадистин жалган экенин анык билип туруп, же жалган болуш керек деп күмөнсүрөп туруп, аны пайгамбардын атынан айтып таратса, ал ушул жалгандын таралуусуна шериктеш болуп калат.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Пайгамбардан риваят болгон хадистерге дыкат менен кароо жана аны айтып өткөрүүдөн мурда анын тастыкталганын так билүү зарыл.
  • Жалганчы деген сыпат жалганды айткан, башкаларга айтып өткөргөн жана жайылткандардын баарына бирдей айтылат.
  • Айтылган "хадис" жалган сөз экенин анык билген же жалган деп күмөн кылган адамга аны башкаларга айтып өткөрүү арам. Бул сөздүн жалган экенин башкаларга эскертүү үчүн гана айтса уруксат.