Айша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, Аллахтын алдында адамдардын эң жаманы – өтө талашчаак адам». Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
explain-icon

exp

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын бизге өтө талашчаак жана көп талашып-тартышкан адамдарды жана талашып аны коргоого аракет кылган адамды жек көрөрүн кабар берип жатат. Аллах Таала акыйкат менен талашып, бирок талаш-тартышты көбүртүп-жабыртып, чектен чыгып, билимсиз талашкан адамды жаман көрөт.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Юридикалык кайрылуу жолу менен зулум чеккен адамдын укугун талап кылуу айыптуу талаштардын катарына кирбейт.
  • Мусулмандардын арасында бөлүнүүгө жана душмандашууга себеп болгон тилдин балээлеринин бири – талашуу жана араздашуу .
  • Талашып-тартышуу акыйкат жөнүндө болсо жана анын ыкмасы жакшы болсо, анда мактоого татыктуу болот. Ал эми талашып-тартышуу акыйкатты жокко чыгаруу жана батылды орнотуу үчүн болсо же далилсиз болсо, анда жамандалган болот.