Жубайр бин Мутъим (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте ал Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин укту: «Тууганчылык байланышты үзгөн адам бейишке кирбейт». Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
explain-icon

exp

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким жакындарынын важип акысын өтөбөсө, же аларга жамандык кылса, анда ал бейишке кирбөөгө татыктуу экенин билдирген.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Тууганчылык байланышты үзүү чоң күнөөлөрдөн.
  • Тууганчылык байланыш каада-салтка жараша болот. Ал жерге, заманга, адамдарга жараша айырмаланып турат.
  • Тууганчылык байланыш зыярат кылуу, садака берүү, аларга жакшылык кылуу, оорулууларды зыярат кылуу, жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу ж.б.у.с. мамиле менен болот.
  • Туугандык байланыштын үзүлүшү канчалык жакын туугандар менен болсо, күнөөсү ошончолук чоң болот.