Абу Саид Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Улуу Аллах Таала бейиш тургундарына: "Эй, бейиш тургундары!" - деп кайрылат. Алар: "О, Раббибиз, Сенин кызматыңа даярбыз" - дешет. Аллах Таала: "Ыраазы бодуңарбы?" - деп сурайт. Алар: "Биз кантип ыраазы болбойбуз, Сен бизге башка эч бир калайыкка бербеген нерсени бердиң" - дешет. Аллах Таала: "Мен силерге мындан да жакшыны берем" - дейт. Алар: "О, Рабби, мындан да жакшы нерсе болмок беле?"- дешет. Аллах Таала: "Мен силерге ыраазы болдум. Мындан кийин силерге такыр ачууланбаймын" - дейт. Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: бейиш тургундары бейишке киргенден кийин Аллах Таала аларга: Эй, бейиш тургундары деп кайрылат. Алар: Раббибиз, биз Сенин алдыңда, буйруктарыңды аткарууга даярбыз деп жооп беришет. Анан аларга: силер Мага ыраазы болдуңарбы? - дейт. Алар: Ооба, ыраазыбыз; Сен эч бир калайыкка бербеген жакшылыктарды бизге бердиң. Анан кантип ыраазы болбойлу - дешет. Аллах Таала: Силерге мындан да жакшы нерсени берейинби? - дейт. Алар: Оо, Раббибиз! Мындан да жакшы нерсе болмок беле? - дешет. Аллах Таала: Мен эми силерге ыраазылыгымды уланта берем, эми силерге эч качан ачууланбайм - дейт.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Аллах Тааланын бейиш тургундары менен сүйлөшөрү акыйкат.
  • Аллах Таала бейиш тургундарына ыраазы болгондугун, мындан кийин аларга такыр ачууланбастыгын айтып сүйүнчүлөйт.
  • Бейиш тургундары андагы ар түрдүү орундарына, ар түрдүү даражаларына карабастан, баары бирдей ыраазы болушат. Аллах Тааланын суроосуна алардын баары бир ооздон: "Башка эч бир калайыкка бербеген нерсени бизге бердиң" деп ыраазылыгын билдирип жооп беришкен.