Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кандайдыр бир зат асмандан келип жерге түшкөндө чыккан үн сыяктуу катуу чыккан үндү угуп, жанындагы сахабалардан бул эмненин үнү экенин сурайт. Алар: Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - дешет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Силер уккан үн мындан жетимиш жыл мурда тозоктун кырынан ыргытылган таш, ал учуп барып тозоктун түбүнө азыр түшкөнүн силер уктуңар деди.