Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди. Хасан Сахих (жакшы, ишенимдүү хадис) - Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган
explain-icon

exp

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейишке киргизе турган эң чоң себептер экөө экендигин баяндады. Алар: Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак. Аллахка такыбалык кылуу - бул сени менен Аллахтын азабынын ортосундагы сактануу. Ал Аллахтын буйруктарын аткаруу жана тыюу салган нерселеринен тыйылуу. Ал эми жакшы адеп-ахлак - бул жылуу жүздүү болуу, жакшылык кылуу жана зыян берүүнү токтотуу. Тозокко киргизе турган эң чоң себептер экөө. Алар: Тил жана уяттуу жерлер. Башкача айтканда тилдин күнөөлөрү. Бул - жалган айтуу, гыйбат кылуу, ушак айтуу ж.б. Ал эми уяттуу жерлердин күнөөлөрү - бул зына кылуу, гомосексуализм ж.б.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Бейишке кирүүнүн Аллах Таалага байланыштуу себептери бар. Ал Аллахка такыбалык кылуу. Жана Адамдарга тиешелүү себептер, ал жакшы адеп-ахлак.
  • Тилдин ээсине жеткирген коркунучу бар жана ал тозокко киргизүүчү себептердин бири болот.
  • Напсинин кумарларынын жана бузукулуктун адам үчүн коркунучу бар жана ал тозокко киргизүүчү эң көп себептердин бири болот.