Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламды толук карманган мусулман адам башка мусулмандар анын тилинен аман болгон адам. Б.а. аларды сөкпөгөн, наалат айтпаган, артынан сүйлөбөгөн жана алардын ортосунда тили менен зыянын тийгизе турган эч бир ишке барбаган адам. Ошондой эле анын колунан да жамандык көргөн эмес, б.а. ал эч кимге өкүм зордук кылган эмес, мал-мүлкүн тартып алган эмес ж.б.у.с. Ал эми мухажир - Аллах арам кылган нерсени таштаган адам.