Абдуллах бин Амр (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаман сөз сүйлөгөн эмес жана андайга жол берген эмес. Ал: " Силердин жакшыңар - ахлагыңар жакшыңар" - деп айтчу. Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
explain-icon

exp

Жаман сүйлөө же жаман иш кылуу пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ахлагынан эмес. Ал мындайды максат да кылган эмес, мындайга макул да болгон эмес. Ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өтө көркөм кулктун ээси болгон. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчыгы жана мактоосу болсун): Аллахтын алдында силердин жакшырагыңар - кулк-мүнөзү жакшыңар - деп айтчу. Б.а. жакшылыкты көп кылган, жүзү жарык, эч кимге зыянын тийгизбеген жана адамдарга сылык-сыпаа мамиле кылган адам.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Ыймандуу адам жаман сөз сүйлөөдөн жана жаман иштен алыс болуусу зарыл.
  • Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзү толук болчу. Ал жалаң гана жакшы амалдарды жасап, жагымдуу сөздөрдү сүйлөчү.
  • Мүнөздүн жакшылыгы атаандаша турган иш, ким алдыга озсо, ал ыймандуулардын жакшысы жана ыйманы толугу болот.