Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бирр - жакшылык жана исм - күнөө жөнүндө сурашат. Ал минтип жооп берет: Жакшылыктын эң негизги белгиси бул Аллахка такыба болуу менен жакшы мүнөздө болуу, башкалардын зыянына сабыр кылуу, көп ачууланбоо, жарык маанайда болуу, сылык сүйлөө, карым-катыш кылуу, жумшак болуу, жакшы сухбат мамиле кылуу. Ал эми күнөө бул, жүрөккө шектүү болгон нерселер кирип, ага көңүл толбой, анын күнөө экенине шек жана коркунуч пайда болгондо, жана аны кадыр-барктуу, изги адамдарга көрсөтүүнү каалабай калганда – мына ошол иш күнөө болот. Анткени, адамдын табияты жакшы амалдарынын элге көрүнүшүн жактырат. Эгер айрым иштеринин башкаларга көрүнүшүн жаман көрсө, анда ал амалда жакшылык жок, ал күнөө.