Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адам дүйнө жана акыретке тиешелүү жакшылык иштерде, таат-ибадатта өзүнө жакшы көргөндү диндеш тууганына да жакшы көрмөйүнчө, өзүнө жек көргөндү ага да жек көрмөйүнчө ыйманы толук болбостугун айткан. Эгерде диндеш тууганынын дининде кемчилигин көрсө, аны оңдоого тырышат. Эгер жакшылыкты көрсө, аны улантууга жардам берет. Дүйнө ишинде да, акырет ишинде да насаатын айтып, кеңеш берип турат.