Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ыймандуулардын ыйманы толугу - кулк-мүнөзү жакшысы. Силердин эң жакшыңар - аялзатына жакшы мамиле кылганыңар". Хасан (жакшы) - Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган
explain-icon

exp

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын ичинен ыйманы толугу кулк-мүнөзү жакшысы экенин айткан. Кулк-мүнөздүн жакшылыгы жарык маанайда болуу, жакшылыктарды кылуу, сылык-сыпаа сүйлөө жана эч кимге зыян бербөө менен билинет. Ошондой эле ыймандуулардын жакшысы аялдарга жакшы мамиле кылгандары экенин айткан. Б.а. аялына, кызына, эже-карындашына, жакын аял туугандарына жакшылык кылуусу керек. Анткени адамдардын арасынан алар жакшы мамилеге муктажыраак болушат.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Жакшы кулк-мүнөздүн артыкчылыгы, анткени ал ыймандан болуп эсептелет.
  • Иш-аракеттер ыймандан болуп эсептелет, ыйман көбөйөт жана азаят.
  • Ислам дини аял-затынын сый-урматын көтөрөт жана аларга жакшылык кылууга үндөйт.