Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөздөгү жана иштеги кичи пейилдик, жумшактык жана шашылбоо иштин жакшы, кооз, толук болуусуна жана муктаждыктын оңой бүтүүсүнө себеп болорун айткан. Ал эми сөздө же иште жумшактыктын жоктугу ишти айыптуу жана жаман көрсөтүп, муктаждыктын оңой бүтүүсүнө тоскоол болот, бүтсө да кыйынчылык менен бүтөт.