explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтат: боорукерликтен куру калган адамдын дүйнө ишинде да, акырет ишинде да, өзүнө кылган ишинде да, өзгөлөргө кылган ишинде да ийгилик болбойт. Ал бардык жакшылыктан тыйылып калат.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Боорукер болуу артыкчылыктуу мүнөз, кулк-мүнөздү ошого калыптандыруу керек. Ал эми оройлук, таш боордук жаман мүнөз.
  • Боорукердик, ак көңүлдүк дүйнө жана акыреттин жакшылыгын камсыз кылат. Ал эми оройлук, таш боордук мунун тескерисине алып барат.
  • Боорукердик - жакшы мүнөздүн жана саламатчылыктын жыйынтыгы. Таш боордук - ачуунун жана оройлуктун жыйынтыгы. Ошон үчүн пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) боорукердикти мактаган.
  • Суфян Саври (ага Аллах ырайым кылсын) жолдошторуна кайрылып мындай дейт: Боорукердик деген эмне экенин билесиңерби? Ал - ар бир нерсени өз ордуна коюу. Катуулукту да өз ордуна коюу. Жумшактыкты да өз ордуна коюу. Кылычты да өз ордуна коюу. Таякты да өз ордуна коюу.