Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшылык жана күнөө тууралуу баяндоосуна ылайык, жакшылыктын эң негизги белгиси Аллахка такыба болгон жана калайыкка зыянын тийгизбеген жакшы ахлак, бул ачууланбоо, жүзү жарык, сылык сүйлөө, карым-катышта болуп, жумшак, кичи пейил, жакшы мамиле жана жакшы сүйлөшүү менен болот. Жакшылык - бул, напси жана жүрөк тынч алган иштер. Күнөө – жүрөктө тынчсыздануу жараткан, адамдын көкүрөгү бейпилдик таппаган күмөндүү иштер. Ал тууралуу шектенүү пайда болот жана бул иш күнөө болуп калышы мүмкүн деген коркунуч жүрөктө туулат. Ошондой эле адам аны эл алдында көрсөтүүнү каалабайт. Анткени адам табиятынан элге жакшы жагын гана көрсөткүсу келет. Эгер кылганын элге көрсөтүүнү жек көрсө демек, бул күнөө, анда эч жакшылык жок. Эгер бирөөлөр аны кылууга фатва берип жатса да, өзүңдө экиленүү болсо, алардын айтканын аткарба. Анткени туура илимге негизделбеген фатва күмөндү кетире албайт. (Күмөн анык болуп, фатва берген адам аны билбестен фатва бере бериши мүмкүн). А эгер фатва шарияттык далилге таянып чыгарылса, анда фатва алган адам, эгер көңүлу жай таппаса деле аны аткарса болот.