Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) динге жана таат-ибадатка бекем кылуусун жана туура жолдон тайып кетүүдөн, адашуудан сактоосун сурап Аллахка көп дуба кылчу. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип көп дуба кылганына Анас (Аллах андан ыраазы болсун) таң калып, анын жөнүн сураганда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын жүрөктөрү Аллахтын эки манжасынын ортосунда турарын, Аллах аларды каалагандай калчарын айтып түшүндүрөт. Жүрөк ыйман менен каапырлыктын чеги. Жүрөктү арабча "колбун" дейт, мааниси ары-бери өзгөрүп туруучу дегенди туюндурат. Жүрөктүн өзгөрүүсү казан кайнап ашып кеткенден да бат өзгөрүп турат. Аллах кимди кааласа, анын жүрөгүн туура жолго багыттап, динде туруктуу кылат. Кимди кааласа, анын жүрөгүн туура жолдон тайдырып, адаштырат.