Чөлдү жердеген адамдардан бирөөсу келип, Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) такай айтып жүрө турган зикирди үйрөтүүсүн суранат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага минтет: "Аллахтан башка кудай жок. Ал - жалгыз. Анын шериги да жок". Ушинтип тавхид күбөлүгу менен баштайт. Бул Аллахтан башка ибадатка ылайык эч кандай кудай жок деген маани. "Аллах - эң Улук". Б.а. Аллах бардык нерседен улук жана чоң. "Аллахка көп алкыш-мактоолор болсун" Б.а. Аллахтын сыпатына, иштерине жана санак жеткис жакшылыктарына көп мактоо-шүгүрлор болсун. "Бардык ааламдардын Раббиси - Аллах бардык кемчиликтерден Аруу-Таза". Б.а. айып-кемчиликтерден таза, аруу. "Өзгөрүү да күч-кубат да Даанышман жана Кудуреттүү Аллахтан" Б.а. Ар кандай абалдан башка бир абалга өзгөрүү Аллахтын жардамы жана топугу менен гана болот. Тиги киши: Бул сөздөр Раббимди зикир кылып, улуктай турган сөздөр экен, мен өзүмө эмне деп дуба кылайын? - дейт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: минтип айт - деди: "О, Аллах! Мени кечир" Күнөөлөрдү өчүрүү жана жашыруу менен "Мени ырайым кыл" Менин диниме жана дүнүйөмө пайдалуу иштерге жеткирүү менен "Мени туура жолго башта" Түз, туура жолго жана эң жакшы абалдарга "Мага ырыскы бер" Адал мал-мүлк, ден-соолук, ж.б. бардык жакшылыктарды