Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) барлык нерсени камтыган дубасы ушундай болчу: "Раббим, менин каталарымды кечир, билбестигимди, мен билбестен жасап алган каталарды да кечир. "Бардык иштердеги ысырапкорлугумду кечир" кемчилик кетиргенимди жана чектен аша чапканымды. "Мендеги Сен Өзүң билгендерди" Аллахым Сен Билүүчүсүң, мен болсо унутуп калам. "Аллахым менин каталарымды жана атайын кылгандарымды кечир" мен билип туруп жасап алган каталарды кечир. " Чындап же азилдеп кетирген каталарымды кечир" мазакташууда пайда болгон, эки абалда тең чындап же азилдеп) пайда болгон каталарымды. "Мендеги бардык кемчиликтерди" жогоруда айтылган айып, кемчииктердин баарын кечир. "Аллахым менен мурдагы" болуп өткөн, "жана кийинки" эми боло турган каталарымды кечир. "Жашыруун" купуя болгон жана "Жарыя" ачык болгон каталарымды кечир. "Сен мурда жеткирүүчү жана кечиктирүүчүсүң" калайыктан кимди кааласаң, аны ыраазы кылып ырайымыңа мурда жеткиресиң. Кимди кааласаң аны кордоп ырайымыңдан кечиктиресиң. Сен кечиктирген ишти алдыга жылдыруучу, Сен алдын кылган ишти кечиктирүүчү жок. "Сен бардык нерсеге кадырсың" ар бир каалаган ишиңди аткарууга толук кудуреттүүсүң.