Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир канча иштен сактоону Аллахтан суранган: Биринчиси: "Аллахым, Сенден суранамын" Сенден башкадан суранбайм "карызга батып кетүүдөн сакта" карыздын оордугунан, кыжаалатчылыгынан, кайгы-капасынан сакта. Карыздан кутулууга жардам берүүңдү суранам. Экинчиси: "душмандын үстөмдүгүнөн" басмырлоосунан жана башчылык кылуусунан сакта. Душмандын зыянынан сактооңду жана жеңишке жеткирүүңдү суранам. Үчүнчү: "душмандын таба кылуусунан" мусулмандардын башына түшкөн балээ, кыйынчылыкка кубанып карап туруусунан сакта.