Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Айша энебизге ар тараптуу дубаларды үйрөткөн. Ал төрт дубадан турат: Биринчиси: Бардык жакшылыкты камтыган дуба (Аллахым, сенден бардык жакшылыкты сурайм) (азыркысын) жакын арада боло турган, (кийинкисин) кийин боло турган. (Мен билгенин) Сен мага билдиргендерди, (Мен билбегенин) Сен Өзүң гана билген (жакшылыктарды), Сен Аруу-Тазасың. Бул дубада ишти, Билүүчү, Кабардар жана майда баратынан бери Билип туруучу Аллахка тапшыруу айтылган. Аллах Таала мусулман адам үчүн жалаң гана жакшы, абзел иштерди тандайт. (Сенден бардык жамандыктан, азыркысынан да, кийинкисинен да, мен билгенинен да, билбегенинен да сактоону суранам). Экинчи дуба: мусулман адамды дуба кылганда чектен ашуудан сактайт. "Аллахым, мен Сенден сураймын" талап кыламын "Сенин пайгамбарың жана кулуң суранган жакшылыктардын баарын". "Жана коргоном" коргоном, сактанам "Сенин жардамың менен пайгамбарың жана кулуң коргонгон жамандыктын баарынан". Бул дуба Мухаммед пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтан өзү үчүн эмнени сураса ошонун баарын камтыган дуба. Пайгамбарыбыз сурагандын баарын бирден эсептеп отурбай, ушул дубаны айтып коюу жетиштүү. Үчүнчү дуба: бейишке кирүүнү жана тозоктон алыс болууну сурануу. Бул бардык мусулмандын тилеги жана кылган амалдарынын максаты. "Аллахым мен Сенден бейишти суранам" ага жетүүнү "Бейишке жакындата турган сөздөрдү жана амалдарды" Өзүңдү ыраазы кыла турган салих амалдарды аткартууну суранам. "Сенден мени тозоктон алыс кылууну суранам" тозокко татыктуу жаман амалдардан Сенин ырайымың менен гана кутулууга болот. "Ошондой эле тозокко алып бара турган создөрдөн жана амалдардан" Сенин каарыңды келтире турган күнөөлөрдөн сактооңду суранам. Төртүнчү дуба: Аллахтын өкүм, тагдырына ыраазы болууну дуба кылуу. "Мага кылган ар бир өкүм, тагдырыңды мен үчүн жакшылык кыл". Аллах Таала мага өкүм тагдыр кылган иштин баары мен үчүн жакшылык болсун. Мына ушул дуба Аллахтын каза-кадарына, өкүм тагдырына ыраазы болуу дубасы.