Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Али бин Абу Талибди (ага Аллах ыраазы болсун) төмөнкүдөй дуба кылууга буйруган: "Аллахым, мени туура жолго башта" туура жолго багыт берип, жол көрсөт. "жана түз жүрүүгө ийгилик бер" ийгилик бер жана бардык иштеримде түз-туруктуу кылгын. Туура жол дегени: акыйкатты кенен да жалпысынан да түшүнүү. Ийгилик дегени: акыйкатты ачык да, купуя да ээрчүү деген маани. Түз жүрүү: бардык иштерде акыйкатка дал келген ийгилик жана түз жүрүү. Бул сөздө, амалда жана этикадда туруктуу болгон түз жол. Маанавий иштер көзгө көрүнгөн иштер менен ачык болот: Сен бул дубаны айтканда, "жолдон адашпаганыңды" элестетип дуба кыл. Жүрөгүңдө өзүң сапарга чыгып бара жаткандай туура жол сура. Жолдо ал оң тарап, сол тарапка чыгып кетпейт. Себеби жолдон адашып кетпөөсү үчүн, ошентип ал максат кылган барчу жерине тынч жана бат жетет. (Түз жүрүүдө жебенин түздүгүн эстегин) дегени: Сен жебени атканда жебе мээленген жерине бат жетип кадаларын билесиң. Мерген бутага атканда жебени бутага түз мээлейт. Ошол сыяктуу Аллах Тааладан суранганда ниет кылган нерсеңди жебени мээлегендей так сура; сурооңдо туура жолдун да түз-туруктуулуктун да жеткен чегин сураган болосуң. Аллахтан түз-туруктуулукту суранганда ниет кылып жаткан нерсең жебени мээлеген адамдын бутасындай болуусун жүрөгүңө алып кел.