Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атасы менен бир тууган агасы Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтан эмнени сурап дуба кылуу керектигин үйрөтүүсүн пайгамбарыбыздан суранат. Пайгамбарыбыз ага дин ишинде, дүйнө ишинде, акыретинде апааттардан жана айып-кемчиликтен аман кылуусун тиле деп үйрөтөт. Бир канча күндөн кийин кайра келип Аллахтан эмнени сурап дуба кылайын деп экинчи жолу сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага кам көрүп: "Эй, Аббас, эй, Аллахтын элчисинин агасы, Аллахтан бардык жамандыкты алып кете турган, бардык жакшылыкты алып келе турган жана дүйнө, акыретте пайда бере турган амандыкты тиле" - деп үйрөттү.