Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көптөгөн дубаларды камтыган дубаларды көп кылчу, ошолордун бири: "О, Жараткан, бизди бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылыктан куру калтырба жана тозок азабынан сакта" Бул дуба дүйнө жакшылыктарын, адалдан болгон кенен ырыскыны, салиха аялды, көзүңду кубанткан ыймандуу баланы, ырахатты, пайдалуу илимди, ийги иш-амалдарды жана башка жакшы жана мубах иштерди суранууну өз ичине камтыйт. Ошондой эле акыреттин жакшылыктарын, кабырдагы, эсеп-кысап учурундагы, тозоктогу азаптардан сактоону, Аллахтын ыраазылыгына жетүүнү, даярдалган нээмат-жакшылыктарга ээ болууну, Ырайымдуу Раббибизге жакын болууну суранууну да ичине камтыйт.