Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллах Тааланын Исламды эч кандай кыйшыгы жок түз жолго салыштырып мисал кылганын айтты. Ал түз жолдун эки тарабында эки дубал бар. Ал эки дубал - алар Аллахтын койгон чектери. Бул эки дубалдын ачылган эшиктери бар. Алар Аллахтын арам кылган иштери. Ал эшиктердин үстүнөн түшүрүлгөн пардалар бар. Ал пардалар жолдон өтүп бараткан адамга ичин көрсөтпөй турган пардалар. Ал эми жолдун башында адамдарды туура жолго салып, туура багыт берип аларга: «Түз жолдон оңго же солго басып кетпегиле, анын ортосунда жүргүлө» - деп айтып турган жарчы бар. Ал жарчы Аллахтын Китеби. Ал эми жолдун үстүндө турган дагы бир жарчы бар. Ал жарчы жолдо жүргөн адам ал эшиктердин пардаларынан бир аз ачууну каалаганда, ал аны кайтарып: «Шоруң кургур, ал эшикти ачпа! Ачсаң кирип кетесиң, кирүүдөн өзүңдү токтото албайсың» - деп айтып турат. Бул чакыруучу ар бир мусулмандын жүрөгүндөгү Аллахтын эскертүүсү.