Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): ыймандуунун баары жакшы экенин, бирок ыйманында, чечкиндүүлүгүндө, байлыгында ж.б. күч-кубатка тиешелүү иштерде күчтүү болгон ыймандуу адам күчсүз ыймандууга караганда Аллахка жагымдуу жана сүйкүмдүүрөөк экенин айткан. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыймандуу адамга, ага дүйнө жана акыретте пайдасын тийгизе турган иштерде Аллахка таянуу менен бирге себептерди аткарууну, Аллахтан жардам суроону жана Ага тобокел кылууну насаат кылган. Анан дүйнө жана акыретке пайдалуу иштерди аткарууда чамасыз болуудан, жалкоолуктан жана шалаакылыктан тыйды. Ыймандуу адам кайсы бир иште аракет кылса, себептерди аткарса, Аллахка таянса жана Аллахтан жакшылык тилесе, анда бардык иштерин Аллахка тапшыруусу жана Аллахтын тандоосу эң жакшы тандоо экенин билүүсү керек. Ошондон кийин ага кандайдыр бир көйгөй болуп калса, анда: "Эгер мен мындай кылсам, тигиндей болмок эмес" деп айтпасын. Анткени "эгер" деп айтуу шайтандын амалдарына эшик ачып берет. Тагдырга нааразы болууда, өткөн иште өкүнүүдө (шайтанга эшик ачат). Анын ордуна тагдырга моюн сунуп жана ыраазы болуп: "Аллахтын тагдыры, Ал каалаганын аткарды" деп айтуу керек. Болгон иш Аллахтын каалоосунун чегинде болду, анткени ал каалаганын аткаруучу. Анын буйругун жокко чыгаруучу болбойт жана Анын өкүмүн кечиктирүүчү да жок.