Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башкаларга ырайым кылгандарды Мээримдүү Аллах ырайым кылаарын түшүндүрүп жатат. Бардык нерсени камтыган Анын ырайымдуулугу жетиштүү сыйлык. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жер жүзүндөгү бардык адамдарга, айбанаттарга, канаттууларга жана башка бардык жаратылгандарга ырайым кылууну буйруду. Мунун сообу – асмандардын үстүнөн Аллахтын силерге ырайым кылуусу.