Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Улук Аллах Таала кудусий хадисте минтип айтканын кабарлайт: Ким менин досторумдан бирине ыза берсе, ачууландырса, же аны жек көрсө, мен ага билдирем жана ага согуш жарыялайм. Дос дегени: такыба ыймандуу адам. Пендеде ыйман жана такыбылыктан канча болсо, Аллахка достугу ошончолук болот. Мусулманды Раббисине жакындата турган эң жакшы иш - ибадаттарды аткаруу жана күнөөлөрдөн тыйылуу сыяктуу ага важыб, парз кылынган иштер. Мусулман адам парз ибадаттар менен бирге напил ибадаттарды аткарган сайын Раббисине жакындап, Анын сүйүүсүнө жетет. Аллах аны жакшы көрүп калгандан кийин анын төмөнкү төрт мүчөсүн күнөөдөн Өзү сактайт: Угуусун сактайт, Аллах ыраазы боло турган сөздөрдү гана угуп калат. Көрүүсүн сактайт, Аллах кароосун жакшы көргөн жана ыраазы болгон нерсени гана карап калат. Колун сактайт, колу менен Аллах ыраазы боло турган иштерди гана жасайт. Буттарын сактайт, Аллах ыраазы боло турган жерлерге гана басат, жакшылык бар нерсеге гана аракет кылат. Аны менен бирге Аллахтан эмнени сураса, Аллах ага сураганын берет. Дубасы кабыл болуучу киши болот. Эгер Аллах менен сактанып, Андан коргоо тилесе, Аллах аны корккон нерсесинен сактап, коргойт. Андан кийин Аллах Таала айтат: Мен кылган иштеримдин ичинен ыймандуу адамга ырайым кылып анын жанын алганда экиленгендей эч экиленбеймин; анткени ал өлүм учурунда катуу оору болгону үчүн аны жек көрөт, Аллах болсо ыймандуу адамды кыйнаган нерсени жек көрөт.