Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын жакшылыктар менен жамандыктарды тагдыр кылып, анан аларды эки периштеге кантип жазууну көрсөткөнүн баяндады. Демек, кимде-ким бир жакшылык кылууну кааласа, ниет кылса жана аны аткарууга чечкиндүү киришсе, анда аны аткара албай калса деле ага бир жакшылык жазылат. А эгерде аны аткарса, анда он эседен жети жүз эсеге чейин бир канча эсе көбөйтүлүп жазылат. Бир канча эсе көбөйүү бул жүрөктөгү ыкластуулукка, пайданын келишишне ж.б.у.с. нерселерге жараша болот. Ал эми кимде-ким бир жамандык кылууну каалап, ниет кылып, чечкиндүү киришип анан аны Аллах үчүн таштаса, анда ага бир жакшылык жазылат. Эгерде анын себептерин кылбай, алек болуп таштап койсо, анда ага эч нерсе жазылбайт. А эгерде ал колунан келбей аны таштаса, анда анын ниети жазылат. А эгерде аны аткарса, анда ага бир жамандык эле жазылат.