Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала ар бир түнү түндүн акыркы үчүнчү бөлүгү калганда дүйнө асманына түшөрүн баяндаган. Анан дуба кылгандын дубасын кабыл кыларын айтып, пенделерин Ага дуба кылууга үндөйт. Сурагандын сураганын берерин айтып, аларды каалаган нерсесин суроого кызыктырат. Ыймандуу пенделерин кечире тургандыгын айтып, аларды күнөөлөрү үчүн кечирим тилөөгө буйруйт.