Абдуллах бин Амир бин Ааас (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айткан: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитке киргенде: "Ауузу биллахил азиим, ва би важхихил карим, ва султанихил кодим, минаш-шайтоонир-рожим" деп айтты. Абдуллах бин Амрдан: Ушинтип эле айтчубу? - деп сурашты. Ал: "Ооба" - деди. Эгер ушинтип айтса, шайтан: "Бул күн бою менден корголду" - деп айтат. Хасан (жакшы) - Абу Дауд жазып калтырган
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитке кирерде минтип айтчу: (Ауузу биллахил азиим) Улуу Аллахтын жана Анын сыпаттарын айтып коргономун (ва би важхихил карим) Берешен, Жоомарт (ва султонихи) үстөмдүгү, кудурети жана каалаган пендесине төккөн каары (кодим) эзелки, түбөлүк (минаш-шайтонир-рожим) Аллахтын ырайымынан алыстатылган, куулган шайтандан Башкача айтканда: О, Аллахым, мени шайтандын азгырыгынан, ээрчиткен жолдорунан, коркутууларынан, алдаган өтүнүчтөрүнөн жана адаштыруусунан Өзүң сакта. Анткени ал адашууга себепчи, азгырык менен наадандыкка шыкакчы болот. Абдуллах бин Амрдан: пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушуну эле айттыбы? - деп сурашат жанындагылар. Ал: "Ооба" - деп жооп берет. Эгерде мечитке кире турган адам ушул дубаны айтса, шайтан: "Бул адам менден бардык убакта, күнү-түнү корголуп калды" - деп айтат.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Мечитке кирер учурда айтылчу бул зикр артыкчылыктуу дуба. Анткени, муну айткан адам күнү-түнү шайтандан корголот.
  • Шайтандан дайыма этият болуп, коргонуу керек. Анткени, ал мусулман адамды азгырып, адаштыруу үчүн дайыма аңдып турат.
  • Адам, жүрөгү Аллахка канчалык ишенгенине жана бул дубага канчалык берилгенине, дубаны айткан адамга берген Аллахтын убадасына канчалык даражада ишенгенине жараша шайтандын адаштыруусунан жана алдамчылыгынан корголот.