Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кудуси хадисте Аллах Тааланы жалганчыга чыгарып, кемчиликтүү жана айыптуу деп сыпаттаган, бирок андай кылуу аларга ылайык болбогон мушриктер менен каапырлар тууралуу айтканын кабарлайт. Аллардын Аллахты жалганга чыгарганы: Аллах Таала аларды биринчи жолу жоктон бар кылып жараткандай, алар өлгөндөн кийин кайра тирилтпейт деген ойлору. Аллах Таала аларга жооп кылып, аларды биринчи жолу жоктон бар кылып жараткан Аллах кайра тирилтүүгө да кудуреттүү экенин, бул биринчи жаратууга караганда оңой экенин айтат. Аллах үчүн жаратуу жана кайра тирилтүү бирдей эле иш. Аллах бардык нерсеге кудуреттүү. Ал эми аны акаарат кылып сөккөнү: Анын баласы бар деп айтышканы. Аларга жооп кылып, Ал Өзү ысымдарында, сыпаттарында, иштеринде жалгыз экенин, бардык кемчиликтен жана айыптардан таза экендигин, эч кимге муктажы жок беймуктаж экендигин, баары Ага муктаж экенин, Ал эч кимге ата да, эч кимге бала да болбогонун айтып, Мага окшошо турган же теңдеше турган эч кандай теңи жок деген.