Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Кыямат күнү ар бир момун мусулман Аллах Тааланын алдына келип турат. Аллах Таала аны менен эч кандай ортомчусу, котормочусу жок түзмө-түз сүйлөшөт. Пенде катуу коркконунан бет алдындагы тозоктон кутулуп чыгуунун жолу барбы деп эки жагына алаңдап карайт. Ошондо оң тарабына караганда бул дүйнөдө жасаган жакшы амалдарын көрөт. Сол тарабына караганда жалаң жаман күнөө иштерин көрөт. Алды тарабына караса, тозок отун көрөт. Тозок отунан кутулуунун айласын таппайт. Тозоктун үстүндөгү кыл көпүрөдөн өтүүдөн башка айласы калбайт. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Өзүңөрдү садака аркылуу тозоктон тоскула, курманын жарымындай нерсе болсо да садака бергиле деп эскертти.