Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын ыймандууларга болгон пазилеттүүлүгүн, ал эми каапырларга адилеттүүлүгүн баяндады. Ал эми ыймандуу адамдын, кылган жакшылыгынын сообу кемибейт. Тескерисинче, ага моюн сунгандыгы үчүн бул дүйнөдө жакшылык берилет жана акыретте анын сообу толугу менен сакталат. Ошондой эле ал бүт соопту акыретте гана алышы мүмкүн. Ал эми каапыр болсо, Аллах ага бул дүйнөдөгү жакшылыктары үчүн сыйлыгын берет. Акыретке барганда, ал үчүн сооп-сыйлыктар болбойт. Анткени жакшы иштерге эки дүйнөдө тең сыйлыгын алуу үчүн адам сөзсүз ыймандуу болушу керек.