Анас бин Малик, радыяллаху анху, айтат: Сахабалар Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен мечитте отурганда, бир адам төөгө минип келип, аны чөгөлөтүп байлап койду. Анан алардан: «Силердин кимиңер Мухаммад?» — деп сурады. Ал эми Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, сахабалардын арасында жөлөнүп жаткан эле, биз: «Бул — жөлөнүп жаткан ак адам» - деп айттык. Ал киши Пайгамбарыбызга: «Эй Абдулмутталибдин уулу!» - деп кайрылды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Мен сени уктум, сура, мен сага жооп берем» - деп айтты. Ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мен сенден суроолорду сураймын. Жана мен бул суроолордо катуумун, өзүңө катуу алба» - деди. Башкача айтканда, мага ачууланба, капа болбо деди. Пайгамбар: «Каалаганыңды сура» - деди. Ал айтты: «Сенин Раббиң жана сенден мурункулардын Раббисине ант болсун! Аллах сени жалпы адамдарга жибердиби?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп чынчылдыгын тастыктаган абалда айтты. Ал киши: «Сага Аллахтын аты менен касам ичип айтам». Башкача айтканда: «Мен сенден Аллахтын аты менен суранам, Аллах сага беш убак намазды күнү-түнү окууну буйрудубу?» деди. Ал парз намаздар. Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деди. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, Аллах силерге жылдын ушул айында орозо кармоону буйрудубу?». Ал рамазан айы. Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деди. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, Аллах сага бул садаканы байларыбыздан алып, кедейлерибизге бөлүштүрүүнү буйрудубу?». Бул зекет. Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деди. Ошондо Димам Исламды кабыл алып, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, элин Исламга чакыра турганын айтты. Анан өзүн тааныштырып, ал Бани Саад бин Бакр уруусунан Димам бин Саълаба экенин айтты.