Бурайда (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Чындыгында, биз менен алардын ортосундагы келишим намаз, ким аны таштаса, каапыр болот". Сахих (ишенимдүү) - Ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган
explain-icon

exp

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандар менен каапырлар жана мунафыктар ортосундагы келишим намаз экенин жана ким аны таштаса, каапыр болоорун баяндады.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Намаздын мааниси чоң. Чындыгында, намаз ыймандуу менен каапырды айырмалап турат.
  • Ислам өкүмдөрү адамдын ички дүйнөсүнө эмес сырткы абалына карап бекитилет.