Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түнү жамгыр жаагандан кийин Меккеге жакын жайгашкан Аль-Худайбия кыштагында багымдат намазын окуду. Салам берип, намазын бүтүргөн соң элге кайрылып: «Улуу Раббиңер эмне дегенин билесиңерби?» – деп сурады. Сахабалар: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - деп жооп беришти. Пайгамбар айтты: "Жамгыр жааганда Аллах Таалага ыйман келтиргендер жана Аллах Таалага каапыр болгондор болуп адамдар экиге бөлүнөрүн Аллах таала баяндады". Ал эми «бизге Аллахтын ырайымы жана пазилети менен жамгыр жаады» деп жамгыр жааганын Аллах Таалага таандык кылса, анда ал жамгыр жаадырган Жаратуучуга, ааламдагы бүткүл иштерди Башкаруучу Аллахка ыйман келтирген болот жана жылдыздарга каапырлык кылган болот. Ал эми «бизге баланча жылдыздын таасиринен жамгыр жаады» деп жамгыр жааганын кайсыл бир жылдыздарга таандык кылса, анда ал Аллахка капырлык кылды жана жылдыздарга ыйман келтирди. Андыктан жамгырды жылдыздарга таандык кылуу - бул динден чыгарбаган кичине капырлык. Анткени Аллах Таала жамгыр жааганына жылдыздар таасирин тийгизүүсүнө тагдыр жактан себеп кылган эмес жана шариятында да айткан эмес. Кимде-ким жамгыр жааганын жана башка окуяларды жылдыздардын кыймылдарына жана чыккан жерине таандык кылса же аларды чыныгы таасир берүүчү деп эсептесе, анда ал динден чыгарган чоң каапырлык кылган болот.