Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыямат күнү анын үммөтүнөн ага келе жаткан адамдарды көрүү үчүн өзүнүн Хаудунда болоорун баяндады. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, адамдар жакын калганда, алардын жолдору жабылат. Ошондо Пайгамбар: «Оо, Раббим, булар менден жана үммөтүмдөн» - деп айтат. Алар сен кеткенден кийин эмне кылышканын билбейсиңби? Аллахка ант болсун! Алар кайра каапырлык жолдоруна кайтышып, динден чыгып кетишкен. Демек алар сенден да, үммөтүңдөн да эмес - деп айтылат.