Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү эч бир адам төмөнкү иштер тууралуу суралмайынча эсеп-кысап майданынан бейишке да, тозокко да өтө албастыгын айткан. Биринчиси: Жашоосун кантип өткөргөнү тууралуу. Экинчиси: Илимди Аллахтын ыраазылыгы үчүн алганбы? Алган илимине амал кылдыбы? Алган илимин тиешелүү адамдарга жеткирдиби? Үчүнчүсү: Мал-мүлкүн арамдан таптыбы, же адалдан таптыбы? Анан аны Аллах ыраазы боло турган иштерге жумшадыбы, же Аллахтын ачуусун келтире турган иштерге короттубу? Төртүнчү: Дене мүчөлөрүн, күч-кубатын, чың ден соолугун, жаштык курагын эмнеге иштетип, эмнеге жумшады?