Абдуллах бин Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кыямат күнү адамдар арасындагы иштерден эң биринчи териштириле турганы - кан жөнүндө болот". Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү адамдардын бири-бирине кылган зулумдугунан эң биринчи өкүм кылына турганы кан тууралуу болорун эскерткен. Мисалы: өлтүрүү, жаракаттандыруу ж.б.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Кандын иши оор, анткени (өкүмдүн) башталышы маанилүү нерсе менен башталат.
  • Күнөөлөр тийгизген зыянына жараша оорлой берет. Жазыксыз жанды кыюу эң оор бузук күнөө. Мындан оор каапырлык менен Аллахка шерик кылуу күнөөлөрү гана бар.