Бул аят түшкөндө: "Андан соң, ошол күнү нээмат-жакшылык жөнүндө албетте сураласыңар!" б.а. Аллахтын силерге берген нээмат-жакшылыктарына шүгүр кылуу жөнүндө сураласыңар" - деп түшкөндө Зубайр бин Аль-Аввам, радыяллаху анху, айтты: "Оо, Аллахтын Элчиси, биз кандай нээмат-жакшылыктар жөнүндө суралабыз? Тактап айтканда, алар суроону талап кылбаган эки нээмат-жакшылык болгон курма жана суубу? - деп айтат". Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Силер бул абалыңардагы нээмат-жакшылыктар жөнүндө сураласыңар. Тактап айтканда бул экөөсү Аллах Тааланын нээматтарынан эки чоң нээмат".