Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыяматтын эң чоң белгилеринин бири күндүн чыгыштан эмес, батыштан чыгышын жана адамдар аны көргөндө баары ыйман келтирээрин кабар берди. Ошондо каапыр адамга ыйман келтирүүсү пайда бербей калат. Ошондой эле ага салих амалдар жана тообо да пайда бербей калат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыяматтын күтүлбөгөн жерден келерин айтты. Ал тургай Кыямат келгенде адамдар өздөрүнүн күнүмдүк тиричилигик жана жашоо абалдары менен алек болорун айтты. Кыямат келгенде сатуучу менен сатып алуучу кийимдерин ортосуна жайып коюшат, бирок аны сатууга жана кайра жыйнап салууга жетишпей калышат. Жана адам саан төөнүн сүтүн саап келип, бирок аны ичүүгө жетишпей калат. Кыямат келгенде адам суу куйган чуңкурун оңдоп, ага ылай чаптап, бирок ага суу толтурууга жетишпей калат. Кыямат келгенде адам тамагын оозуна алып келет, бирок аны жегенге жетишпей калат.