Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) убакыттын таруусу кыяматтын белгиси экенин кабарлаган. Ошентип жыл ай өткөндөй өтөт. Ай апта өткөндөй өтөт. Апта күн өткөндөй өтөт. Күн болсо бир саат өткөндөй өтөт. Саат курманын кургак жалбырагы жалп күйүп кайра өчкөндөй өтө бат өтөт.