Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадистерин укса да ал сөөрүсүндө жатып алып: «Биз менен силерди бөлүп турган нерсе – бул Ыйык Куран жана ал бизге жетиштүү. Анда эмнени адал деп тапсак, ага ылайык амал кылабыз, ал эми эмнени арам деп тапсак, андан алыс болобуз» - деп айткан адамдар чыккан замандын жакындаганынан Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабар берди. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүндө арам кылган иштер же тыюу салган нерселердин баары Аллах Өз Китебинде тыюу салган нерселердин өкүмүнө окшош экенин баяндады. Анткени ал Раббисинин буйруктарын жеткирүүчү гана.