Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки мүрзөнүн жанынан өтүп баратып, мындай деди: Бул эки мүрзөдөгү адамдар азапталып жатат; силердин көз карашыңарда чоң болбогон, Аллахтын алдында чоң болгон күнөө себептүү азапталып жатышат, Ал экөөнүн бири кажетин өтөгөн учурда, кийимин да, денесин да заарадан сактоого кам жеген эмес. Экинчиси адамдардын ортосунда ушак таратып жүргөн. Зыян жеткирүү максатында, адамдардын ортосунда келишпестикти жана жек көрүүнү пайда кылуу үчүн бирөөнүн айткан сөзүн бирөөгө айтып келген.