Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыяматтын жакындашынын белгилеринин бири – шарият илиминин көтөрүлүшүн айтты. Ал илимдин көтөрүлүшү аалымдардын өлүмү менен болот. Натыйжада наадандык көбөйүп, зина, бузукулук жайылат. Арак ичүү кеңири тарайт. Эркектердин саны азайып, аялдардын саны көбөйөт. Ошентип, элүү аялдын ишин караган жана аларды камсыз кылган бир эркек болот.